Бишкекте кыргыз-индиялык бизнес-форум башталды

Кыргызстандык ишкерлер В2В форматындагы жолугушууларда чет элдик кесиптештери менен тажрыйба алмашты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Бишкекте кыргыз-индиялык бизнес-форуму башталды.
1 / 2

Бишкекте кыргыз-индиялык бизнес-форуму башталды

2 / 2

Иш-чарага билим берүү, логистика, саламаттык сактоо, туризм, курулуш жана башка тармактарда иш жүргүзгөн 220 кыргызстандык жана 15 индиялык ири компаниялар катышып жатат

Иш-чарага билим берүү, логистика, саламаттык сактоо, туризм, курулуш жана башка тармактарда иш жүргүзгөн 220 кыргызстандык жана 15 индиялык ири компаниялар катышып жатат. Форумду Индиянын КРдеги элчилиги Кыргызстандын президентине караштуу Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин, КРдин Соода өнөр жай палатасынын жана Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин колдоосу менен уюштурду.
Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин президенти Умбриель Темиралиев өлкөдө бизнес үчүн ыңгайлуу салык режими иштеп жатканын белгиледи.
"Кыргызстан инвестиция сферасында либералдык саясат жүргүзөт жана биздин экономикага салым кошкусу келген индиялык инвесторлорго колдоо көрсөтүүгө даяр. Ушундай форумдарды өткөрүп туруу эки өлкөнүн мамилесин өнүктүрүүгө түрткү болот деп эсептейм", — деди Темиралиев.
Ал эми Индиянын КРдеги элчиси Арун Кумар Чаттержи Кыргызстан абдан ачык мамлекет экенин белгиледи.
"Бүгүн биз эки тараптын ишкерлерин жакындатуу үчүн дагы бир кадам жасадык. Форумдан кийин жаңы бекем байланыш түзүлөрүнө ишенем. Индия тарап Кыргызстанга социалдык тармакты да өнүктүрүүгө жардам бере турганын айта кетейин", — деди дипломат.
Ал эми уюштуруучу Indian services Export promotion Council компаниясынын директорунун орун басары Чандрашу Авасти кыргызстандык ишкерлер В2В форматындагы жолугушууларда чет элдик кесиптештери менен тажрыйба алмашканын белгиледи.
Пресс-борбор
Министрлик: Өзбекстан менен тышкы сооданын көлөмү 2,7 эсеге өстү