Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Шольц РФке жасалчу соккулар боюнча Зеленский менен "консенсуска" келгенин айтты

Буга чейин АКШ Украинага 2,2 миллиард долларлык аскердик жаңы жардам карап жаткандыгын жар салган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Германия канцлери Олаф Шольц Украинага Батыш берген куралдар Россиянын аймагында колдонулбай тургандыгы боюнча Владимир Зеленский менен макулдашканын билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Бул боюнча консенсус бар", — деген ал Bild басылмасына берген маеги учурунда бул тема боюнча узатылган соболго жооп берип жатып.
Кечээ күнү Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Батыштын Украинага жөнөтүлгөн куралдары жана аны менен Россияга сокку уруу сүйлөшүүлөрдүн башталышын шарттайт деген ойдо болгондор терең жаңылышарын белгилеген. Ал, тескерисинче, Крымга жасалган чабуулга катуу жооп берилерин айткан эле.
Буга чейин АКШ Украинага 2,2 миллиард долларлык аскердик жаңы жардам карап жаткандыгын жар салган. Анда алыска атыла турган HIMARS ракеталары, абадан кол салуудан коргоно турган каражаттар бар экени маалым болгон.
Коргоо министрлиги АКШ Украина жана Батыш өлкөлөрү Крымга сокку уруу үчүн алыскы аралыкка атуучу снаряддарды колдонор-колдонбостугун Киев өзү чечет деген тейде билдирүү жасаган.
Москва бул боюнча Түндүк атлантикалык альянска мүчө-мамлекеттерге алардын Украинанын Куралуу күчтөрүнө курал-жарак берип жаткандыгы боюнча нота жөнөткөн. Россия ТИМ жетекчиси Сергей Лавров Киевге Батыш жөнөткөн жардамдын ичинде кандай гана курал-жарак болбосун Россиянын Аба-космостук күчтөрү жок кыларын эскерткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Майнап чыкпайт. АКШнын Киевге ыраакка атылчу бомба берүү чечимине Россиянын жообу