Билдирүүнү издеп убара болбойсуз. WhatsApp жаңы функцияны ишке киргизет

: Колдонуучулар маанилүү деген каттарын баарлашуу аянтчасына тиркеп койсо болот.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Интернет колдонуучулар арасында көп колдонулган WhatsApp тиркемесинде жакында жаңы функция ишке кирет. Бул тууралуу WABetaInfo порталы тиркеменин бета-версиясына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, эми аталган мессенжерде колдонуучулардын тайпалык же жеке баарлашуу чатына маанилүү делген билдирүүнү тиркеп коюуга болот.
Бул жаңы функция колдонуучулар өздөрүнө керек болгон маалымат, билдирүүнү оңой табууга, айрым эскертүүлөрдү унутта калтырбай тиркеп коюуга мүмкүнчүлүк түзөт.
Радио
Өспүрүм кыздардын жетилүүсү тууралуу мобилдик тиркеме ишке кирди