БИШКЕК, 5-фев.— Sputnik. Пакистандын экс-президенти Первез Мушарраф жекшемби күнү узакка созулган илдеттен улам 79 жашында Дубайдагы ооруканада каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Мушарраф денедеги зат алмашуу бузулган амилоидоз кеселинен жабыркап ооруканада жаткан болчу деп айтылат.
Пакистандын мурдагы президенти Первез Мушарраф 1943-жылы 11-августта Индиянын Дели шаарында туулган, ал кезде Индия Улуу Британиянын колониясы эле.
Мушарраф 2001-2008-жылдары Пакистанды башкарган. Ал президенттиктен импичмент кооптуулугунан улам отставкага кетүүгө аргасыз болгон. Андан кийин Улуу Британияга көчүп кеткен.
2009-жылы бул жетекчи Пакистанда 60тан ашуун судьяны, анын ичинде 2007-жылдагы өзгөчө кырдаал учурунда Жогорку соттун башчысын мыйзамсыз камакка алган деп айыпталган.
2011-жылы Пакистандын Федералдык тергөө агенттиги Первез Мушаррафты 2007-жылы декабрда Равалпинди шаарындагы митингде каза болгон Беназир Бхуттонун өлтүрүлүшүнө тиешеси бар деп айыптаган. 2014-жылы ага сот өлүм жазасына тартуу боюнча өкүм чыгарып, бирок эки жылдан кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берген. Ошондон бери ал Дубайда жашап жүргөн.