Кар жаайт. Келерки аптада Кыргызстанда аба ырайы кандай болот?

Синоптиктердин айтымында, жуманын аягында көпчүлүк аймактарда кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Синоптиктердин маалыматы боюнча, алдыдагы аптада өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга айланышы күтүлөт. 4-февралдан 6-февралга чейин өлкөнүн тоолуу райондорунда, ашууларда кар көчкү түшүүcү мүмкүн.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Чүй, Талас облустары

5-февралда жаан-чачын күтүлүп, айрым жерлерде кар жаайт. 6-февраль күн ачык болот. 7-8-февраль күндөрү жаан жаашы мүмкүн. 9-10-11-февраль жер-жерлерде кар жаайт.

Ош облусу

5-6-7-февраль күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 8-февраль күн ачык болот. 9-10-11-февраль көпчүлүк аймактарда кар жаай турганы айтылды.
"Унааны деле жылына бир текшертет". Гинекологдун аялдарга кайрылуусу

Жалал-Абад облусу

5-6-февраль жаан-чачын күтүлбөйт. 7-февраль айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 8-февраль күн ачык болот. Ал эми 9-10-11-февраль күндөрү кайрадан жаан жаап, кар жаашы күтүлөт.

Баткен облусу

Аптанын башында күн ачык болот. 9-10-11-февраль күндөрү тоолуу аймактарда кар жаайт.

Ысык-Көл облусу

5-6-7-8-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 9-февралда тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 10-11-февралда кар жаайт.

Нарын облусу

5-6-7-февраль аралыгында жаан-чачын күтүлбөйт. 8-февралда жаан жаап, 9-11-февралда айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн.
Рактын так аныкталышы — дарттан арылуунун башаты. Кыргызстандагы жаңы ыкмалар