Федор Емельяненко карьерасын жыйынтыктаган беттеште нокаут менен утулду. Видео

Емельяненко Бейдер менен болгон беттеши үчүн 100 миң доллар таап, андан кийин спорттон кеткенин жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Аралаш мушташ боюнча (ММА) спортчу россиялык Федор Емельяненко оор салмактагы Bellator чемпиону Райан Бейдерге утулуп, акыркы беттешинде андан чемпиондук курун ала алган жок. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Беттеш Лос-Анжелес шаарында өтүп, техникалык нокаут менен аяктаган. Бул спортчулардын экинчи жолугушуусу болду: 2019-жылдын башында Байдер таймаштын биринчи мүнөтүндө Емельяненкону нокаутка түшүргөн.
Беттештин алдында россиялык спортчу Бейдер менен болгон экинчи кармаш анын профессионалдык карьерасындагы акыркысы болорун бир нече жолу айтып келген.
Емельяненко 46 жашта. Анын эсебинде 40 жеңиш жана жети жеңилүү бар. Ал эми 39 жаштагы Бейдердин эсебине 31 жеңиш жана жети жеңилүү катталган.
Баса, Емельяненко Бейдер менен болгон беттеши үчүн 100 миң доллар таап, андан кийин спорттон кеткенин жарыялады.
Айпери Медет кызы эл аралык беттеште күмүш медаль утту