Sputnik Кыргызстан редакциясы агай-эжейлердин үнүн коомго жеткирүү, учурду алардын көзү менен карап көрүү максатында "Мугалимдин күндөлүгү" рубрикасын сунуштап келет. Мында ар бир педагог мектептеги, коомдогу жүрөгүн өйүгөн маселелерди кагаз бетине түшүрүп, окурман менен ой бөлүшө алат.
Бул сапар алыскы аймактагы гимназиялардын биринин мугалиминин күндөлүгү сунушталат.
...Акыркы кезде мектепке агайлардын керектиги тууралуу көп ойлонуп жүрөм. Министрликтин "Мектептер агайларга муктаж!" аттуу акциясы да ушул күндөлүктү жазуума түрткү берди.
Биздин гимназиядагы мугалимдердин 95 пайызы — аялдар. Үч агай бар, экөө дене тарбия, бирөө музыка сабагынан берет. Экөөнүн жашы пенсия курагына жакындап калган. Бир агайыбыз быйыл келди, ал Дене тарбия институтунун акыркы курсунда окуп жатат. Негизи Кыргызстан боюнча бардык мектептерде эле абал ошондой. Ал эмес жогорку окуу жайлардын өзүндө да эркек мугалимдер кадимкидей азайып калды. Мында министрликтин агайларды каарман катары көрсөтүп видеоролик тартуусу менен маселе чечилбейт. Бут кийими тар адамга даңазанын эмне кереги бар. Агайларды көбөйтүүнүн бир жолу — маянаны көтөрүү. Азыр баары кымбат. Эр адам үй-бүлө багууга милдеттүү эмеспи. Биздин айлык менен алар өзүн да эптей алышпайт. Ошондуктан көбүнчө башка кесиптерди тандап кетишүүдө. "Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам" дегендей, билинбегени менен эркек балдардын тарбиясына мунун олуттуу таасири бар деп ойлойм. Себебин карап көрүңүздөр. Азыр аталардын көбүнүн колу эртели-кеч иштен же телефондон бошобойт. Анан бала менен үйдө отурган да — апа, тарбия булагы да — апа. Кийин мектеп босогосун аттагандан тартып аяктаганга чейин дээрлик эжейлердин тарбиясын алып калууда. Университетке барса да окутуучулардын көбү аялзаты. Анан эркек балдарыбыздын назик, майдачыл болуп калып жатканынын да себеби ушул деп ойлойм. Анын үстүнө азыр балдарын таштап басып кете берген "күкүк аталар" да көбөйдү. Мында бүткүл түйшүк аялда калып жатпайбы. Эркек бала үлгү катары кимден таалим алат. Кимге карап түздөнөт? Бул — ойлоно турган маселе. Ошол эле "күкүк аталардын" маселеси тарбияда жатканы, ага кичинесинде ата болуу жоопкерчилиги тууралуу айтылбаганы көрүнүп турат. Алардын көбөйүшүнө дал ушул эркектик тарбиянын жетишсиздиги негиз болуп жүрбөсүн. Армияга барган балдардын көбү психологиялык жактан даяр эмес болуп жатканын суицид көп катталган учурда коргоо министри да билдирип чыкты эле. Мүмкүн чындыгы бардыр.
Жок, жок, мен апалардын тарбиясына шек келтирип же сын айтып жаткан жокмун. Апа баланы аяп, жароокерлик менен жалынып, назик өстүрөт эмеспи. Аталарга айтарым — коомдо, үй-бүлөнүн алдында жоопкерчиликти сезип, рулду колго алыңыздар! Аялдарга айтарым — түйшүктүн баарын моюнга артынып алуудан оолак болуңуздар! Кыргызда алмустактан бери атанын да, эненин да, баланын да өз орду болгон. Андыктан "үйүбүзгө кайтып", ордубузду таап отурсак баары акырындан ордуна келет. Бул жерде өкмөттүн да жоопкерчилиги бар. Алар акция менен эмес, реалдуу материалдык кадамдар менен маселе чечүүнү колго алышы керек.
Ички-тышкы эмгек миграциясы күчөп турган ушул тапта балдар эркек мугалимдердин тарбиясына өзгөчө муктаж. "Миң уккандан бир көргөн артык" дейт, чыныгы мырзалык сапаттарды сиңирүүдө эжейлер канчалык жебиреп айтканыбыз менен агайлар бир көз карашы, турган турпаты менен эле түшүндүрүп коёт эмеспи.