Өмүрүн сахнага арнаган 82 жаштагы дирижер. Сардарбек Жумалиевдин сүрөттөрү

Бүгүн — белгилүү композитор, дирижер Сардарбек Жумалиевдин туулган күнү. КРдин эл артисти 82 жашка толду. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттын сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Сардарбек Жумалиев 1941-жылы 5-февралда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Жар-Башы айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Согуштун оор жылдарында талаада машак терип, чоңдорго кол кабыш кылып колхоздо мал багып, тоют даярдашкан. Атасы жамактатып ырдап, комузда кол ойнотсо, энеси темир комуз какчу. Ошондон улам жаштайынан эле музыкага жакын өсүп, комуз, мандолина черткенди үйрөнүп алган. 14 жашында борбор калаадагы музыкалык мектептин комуз классын аяктап, кийин Муратаалы Күрөңкөев атындагы музыкалык училищеде билим алат. 16 жашында 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосу менен адабиятынын экинчи декадасына катышып, кийин эл аспаптар оркестрине музыкант болуп жумушка кирген.
Композитор чыгармачылык жолунда 200гө жакын обон жазып, 60ка жакынын оркестрге салган. Кыргыз Республикасынын эл артисти 65 жылдан бери филармонияда иштеп, 40 жылдан ашык убакыттан бери Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин дирижерлугун аркалап келет.
1 / 14

КРдин эл артисти 82 жашка толду

2 / 14

Музыкага жакын кичинекей Сардарбек агалары менен

3 / 14

Белгилүү комузчу Карамолдо Орозов болочоктогу дирижер менен

4 / 14

Чыгармачылыктагы алгачкы жылдар. Сүрөттө СССРдин эл артисти Самара Токтакунова менен КРдин эл артисти Сардарбек Жумалиевдин жаш кези. Фрунзе шаары, 1961-жыл.

5 / 14

Жумалиев 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосу менен адабиятынын экинчи декадасына катышып, кийин Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын эл аспаптар оркестрине музыкант болуп кирген

6 / 14

Композитор жаштайынан обон жазып, жалпы 200гө жакын обондун автору

7 / 14

Биринчи кыргыз эстрадалык ансамбли. Оң жакта Сардарбек Жумалиев, ортодо Алтынбек Сапаралиев. 1960-жылдар

8 / 14

Жумалиев кезинде Калый Молдобасанов, Мукаш Абдраев, Насыр Давлесовдон сабак алган, дирижер Асанкан Жумакматов менен көп жыл иштешкен.

9 / 14

КРдин эл артисттери, төкмө акындар Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев жана композитор Сардарбек Жумалиев. Москва шаары, 1982-жыл.

10 / 14

II жана III даражадагы Манас орденин ээси 40 жылдан ашык убакыттан бери Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин дирижеру болуп иштеп келет

11 / 14

Дирижер Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде да студенттерге дирижерлук боюнча сабак берет

12 / 14

Залкар дирижер, композитор 80 жылдык юбилейинде сахналаштары менен

13 / 14

Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын директору Кыргызбай Осмонов, мурдагы маданият министри Кайрат Иманалиев маэстро менен

14 / 14

Байбичеси Гуля Мамбетова менен 50 жылдай бирге түтүн булатып эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн

Тема боюнча:
Ат үстүндө комуз чертип, обон созгон кыргыздар. Архивдик сүрөттөр
Жашоосун театр, киного байлаган Бакыт Мукул 58 жашта. Режиссердун сүрөттөрү