АКШ Кытайдын аэростатын атып түшүрдү. Видео

Ал эми Кытайдын Коргоо министрлиги АКШнын аракеттерине нааразылыгын билдирди. Кытай бийлиги бул жарандык шар экенин жана АКШнын аба мейкиндигине капысынын өтүп кеткенин мурдараак билдиргенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кытайдын аэростатын америкалык аскерлер АКШнын асманынан атып түшүрүштү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, АКШ шарды өткөн айдын аягында байкаган, бул тууралуу Байденге кабарланган, бирок Пентагондун башчысынын кеңеши боюнча алар шарды, анда аталган объектини атып түшүрүшкөн эмес. Шар Канаданын аймагы аркылуу учуп, Монтана штатына жеткен. Анын кыймылына Түндүк Американын Аэрокосмостук коргонуу командачылыгы (NORAD) көз салып турган.
Буга байланыштуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кытайга сапарын кийинкиге жылдырган.
Бирок Кытайга таандык шар ишемби күнү атып түшүрүлгөнү белгилүү болду. Пентагондун башчысынын айтымында, бул аппарат стратегиялык объектилерди көзөмөлдөө үчүн колдонулган.

Кытайдын реакциясы

Ал эми Кытайдын Коргоо министрлиги АКШнын мындай чечимине нааразылыгын билдирди. Кытай бийлиги бул жарандык шар экенин жана АКШнын аба мейкиндигине капысынын өтүп кеткенин мурдараак кабарлагандыгын айтты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шольц РФке жасалчу соккулар боюнча Зеленский менен "консенсуска" келгенин айтты