Кар жаайбы? Ысык-Көл боюнча алдыдагы аптага карата аба ырайы

Айрым жерлерде кар жаап, жолдор тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда келе жаткан аптада күн кандай болорун Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-6-7-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
7-февралда күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
8-февралда жаан-чачын болбойт.
Ал эми 9-10-11-февралда күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Форель алтынга тете пайда алып келет. Экономика министрлигинин программасы