Радио

Сочиде өтчү айыл чарба көргөзмөсүнө катталуу 17-февралга чейин уланат

Айыл чарба министрлигинин ЕАЭБ жана Дүйнөлүк соода уюмунун иштери боюнча секторунун башкы адиси Үпөл Ислам кызы көргөзмөгө жашылча-жемиш, сүт, балык азыктарын өндүрүүчүлөрдүн катышуусуна басым жасаларын айтты.
Sputnik
2023-жылдын 7-9-июнунда Сочи шаарында "Евразия — биздин үй" аттуу көргөзмө өтөт. Бул тууралуу Үпөл Ислам кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көргөзмөдө айыл чарба компаниялары шериктештиктин алкагында интеграциялык долбоорлорду ишке ашырып, экспорттоо алакаларын түзөрү күтүлүүдө.
"Көргөзмө Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин алкагында пландаштырылганы, анда "Азык-түлүк коопсуздугу" экспозициясы каралганы маалымдалды. Экспозициянын негизги багыттары — ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүндө генетика, селекция жана үрөнчүлүк, мал чарбачылыгы, балык чарбасы жана аквакультура боюнча кызматташтыкты, биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу. Андан сырткары, айыл чарба продукцияларын, пестициддерди жана агрохимикаттарды өндүрүү, айыл чарба техникасы, жаныбарлар үчүн дары-дармек өндүрүү жаатында алака түзүү жана өнүктүрүү каралган. Бул иш-чара биздин өндүрүүчүлөргө продукцияларын жарнамалоо, жаӊы кардар, өнөктөш табуу аянтчасы болуп берет. Россия Федерациясынын Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрүнүн берген билдирүүсү боюнча, көргөзмөгө катышууга кызыкдар болгон тараптардын тизмесин түзүү мөөнөтү 2023-жылдын 17 февралына чейин узартылды. Көргөзмөдө жашылча-жемиш, сүт, балык азыктарын өндүрүүчүлөрдүн катышуусуна басым жасаларын айтышты", — деди Ислам кызы.
Ал көргөзмөгө катышууну каалагандар жана кошумча суроосу бар ишкерлер +996 (312) 623699, 0553230425 телефондоруна чалып байланышса болорун кошумчалады.