Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ Россиянын конфискацияланган активин алгачкы ирет Украинага которду

Американын юстиция министри конфискацияланган активдерди Украинага которуу үчүн биринчи документти бекиткен.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. АКШ россиялык бизнесмен Константин Малофеевден конфискацияланган 5 миллион доллардан ашык каражатты Украинанын муктаждыгына которду. Американын юстиция министри Меррик Гарланд жана анын украиналык кесиптеши Андрей Костиндин тиешелүү билдирүүсүн CNN телеканалы таратты.
Анда айтылгандай, бул Америка бийлиги тарабынан чектөөлөргө туш болгон россиялыктардын активдерин конфискациялаган биринчи учур жана аны Киевге жардам катары которгон алгачкы көрүнүш.
"Россиянын конфискацияланган активдери Украинада колдонулушу үчүн акча которуулардын биринчи документин бекиттим", — деген Гарланд. Анын бул билдирүүсүн Костин да тастыктап, каражат өлкөнү калыбына келтирүүгө сарпталарын билдирди.
Мында кеп Малофеевдин Sunflower Bank банкында сакталган 5,38 миллион доллар суммасындагы эсеби жөнүндө болуп жатат. Ага Америка 2014-жылы чектөө киргизген, 2022-жылы апрелде Украинанын бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын бүлүндүрүүгө аракет жасады деген кине менен АКШ кайрадан чектөө койгон.
Россия Украинада атайын операциясын баштагандан бери Батыш Россияга чектөөлөрдү биринин артынан бирин киргизип келет. Тактап айтканда, Россиянын валюталык резервинин жарымын жаап салды. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков АКШ менен Европанын өзүнө таандык болбогон нерселерди ыйгарып алуусу аларга болгон ишенимден тайдырарын билдирген. Ошондой эле россиялык ишкерлердин мүлкүн, учактарын конфискациялап, аларга чектөөлөрдү киргизүү менен Батыш менчикке кол тийбестик эрежеси бузулганын, аймакта бизнес жүргүзүү кооптуу экендигин көрсөтүүдө деп айткан.
Россия президенти Владимир Путин Россияны алсыздандыруу жана ага көзөмөл кылуу саясаты — Батыштын абалтан берки стратегиясы экендигин айтып, чектөөлөр бүтүндөй дүйнөлүк экономикага сокку урганын белгилеген. Анын айтымында, АКШ менен Европанын башкы максаты — миллиондогон адамдардын жашоосун оорлоштуруу. Вашингтон менен Брюссель Россиянын валюталык резервин жабуу менен Москва алдындагы милдеттерине иш жүзүндө дефолт жарыялады деген ал.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Майнап чыкпайт. АКШнын Киевге ыраакка атылчу бомба берүү чечимине Россиянын жообу