Журналист Галымбетованын өлүмүнө шектүү блогер акталып, 3 иш боюнча айыпталды

Журналисттин өлүмүнө айыпталып жаткан блогер өткөн жылдын август айында үй камагына чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектелген блогер Батмакан Жолболдуева Баткен райондук соту тарабынан акталып, ал эми үч иш боюнча айыптуу деп табылды. Бул тууралуу Жолдубаеванын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди.
Маалыматка ылайык, Жолболдуева "Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү" беренеси боюнча акталды. Ал эми "Бейбаштык", "Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу" жана "Документтерди жасалмалоо" боюнча күнөөлүү деп табылып, эки жылга пробациялык көзөмөл дайындалды.
Ошондой эле эки жылдык мөөнөткө блогердик ишмердүүлүгүнө тыюу салынды.
Эске салсак, 37 жаштагы журналист Арзыгүл Галымбетова 26-мартка караган түнү жүрөгү кармап каза болгону айтылган. Андан кийин 25-март күнү журналист Баткен облустук милициясына келип "Батма-бат" Youtube каналында иштеген блогер кыз аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат деген таризде арыз жазганы белгилүү болгон. Милиция ошол эле күнү арыздануучунун ден соолугу начарлап ооруканага кайрылып, дарыгерлердин жардамына карабай каза болуп калганын билдирген.
33 жаштагы блогер журналисттин өлүмү боюнча эки кылмыш иши боюнча суралып жаткан. Марттын башында Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси ("Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү") боюнча кылмыш иши козголгон. Андан кийин ага 190-берене ("Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу") менен 280-берене ("Бейбаштык") кошулган.
Өткөн жылдын август айында блогер үй камагына чыгарылган.
Министрлик: Баткенде энеси сабаган бөбөк коопсуз жерге жайгаштырылды