Токойду пайдалангандарга акча төлөө жолу жеңилдеди. Түшүндүрмө

Система Айыл чарба министрлигине караган Токой кызматына тиешелүү.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Мамлекеттик токой фондусун пайдалангандыгы үчүн төлөм жүргүзүүгө "Токой пайдалануу" автоматташтырылган маалымат системасы иштелип чыкты. Ал азыр сыноодон өтүп жатканын Айыл чарба министрлиги билдирди.
Системаны түзүүнүн максаты – токойду коргоо, сактоо, калыбына келтирүү, түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана пайдалануу үчүн төлөмдөрдүн эсебин алуу.
Системаны ишке киргизүү электрондук форматта төмөнкүдөй натыйжаларды берет:
аткарылган төлөмдөрдү көзөмөлдөп туруу;
токой чарбасында кайсы жерлер жана кандай пайдаланылып жатканын аныктоо;
алыскы аймактарда жашагандар акчасын төлөм терминалдары, электрондук капчыктар аркылуу төлөй алышат;
жүргүзүлгөн төлөмдөрдү токой чарбаларынын атайын эсептерине чегерүү.
Депутат жер мунапысы боюнча мыйзамды аткарууда коррупция жаралганын айтты