Эл эми Бишкекке каттабайт. Нарында компьютердик томография ишке берилди

Облус жетекчиси саламаттык сактоо тармагындагы кадр жетишсиздигин чечүү максатында ар бир райондон бештен студент фонддон акчасын төлөп окутула турганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Нарын облустук бириктирилген ооруканасында компьютердик томография ишке берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, диагностикалык аппараттын жардамы менен мындан ары Нарын облусунун жашоочулары Бишкек шаарына барбай, баш сөөк, мээ, өпкө жана башка бардык органдарын дубан борборундагы томографиядан өткөрө алышат.
1 / 3

Нарын облустук бириктирилген ооруканасында компьютердик томография ишке берилди

2 / 3

Маалым болгондой, диагностикалык аппараттын жардамы менен мындан ары Нарын облусунун жашоочулары Бишкек шаарына барбай, баш сөөк, мээ, өпкө жана башка бардык органдарын дубан борборундагы томографиядан өткөрө алышат

3 / 3

Ал компьютердик томографияны алып келүү маселеси 2020-жылы коронавирус пандемиясынын убагында зарылчылыктан улам көтөрүлгөнүн эске салды

"Саламаттык сактоо министрлигинин макулдугу жана Монополияга каршы мамлекеттик кызматынын буйругу менен бекитилген прейскурантка ылайык, бир органды томографиядан өткөрүү баасы оорунун татаалдыгына жараша 2 663-2 983 сомго чейин болот", — деди Нарын облустук бириктирилген оорунанасынын директору, министрликтин Нарын облусундагы координатору Чыңгыз Нарынбеков.
Ал компьютердик томографияны алып келүү маселеси 2020-жылы коронавирус пандемиясынын убагында зарылчылыктан улам көтөрүлгөнүн эске салды.
"Саламаттык сактоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин COVID-19 программасынын негизинде жабдуулар алынган", — деген ал.
Компьютердик томографиянын ишке берилишине карата иш-чара уюштурулуп, ага президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов катышты. Ал саламаттык сактоо тармагындагы кадр жетишсиздигин чечүү максатында ар бир райондон бештен студентти фонддон акчасын төлөп Кыргыз медициналык академиясынан окутууга жардам берерин айтты.
Диагностикалык аппаратты орнотуу үчүн ыңгайлуу имарат керек болгондуктан ар кайсы булактардан жалпы сметасы 4 миллион 331 миң сомдук курулуш иши башталган.
Имараттын курулушуна президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан 1 миллион 100 миң сом, Ага Хан өнүктүрүү фонду тарабынан 1 миллион 270 миң сом берилген. Оорукананын жалпы жамааты 230 миң сом, башка демөөрчүлөр, жеке ишкерлер 350 миң сом чогулткан. 1 миллион сомдон ашык каражат жетпей жатканына карабай курулушту объектини тургузуп жаткан курулуш ишканасы толук бүткөрүп бергени айтылды.
Нарынбеков компьютердик томографиянын жабдууларынын баасы 28 миллион 600 миң сом экенин билдирген. Башкы дарыгер облуска Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эки тез жардам автоунаасы берилгенин кошумчалады.
Радио
Садыков: беш облус үчүн беш компьютердик томография аппараты алынды