"Кыргыз почтасы" дүйнөлүк рейтингде 196 өлкөнүн ичинен 63-орунда турат. Орто Азияда Кыргызстан коңшу Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстанга салыштырмалуу алдыда. Бирок алар менен абдан тыгыз байланышып, почта жүктөрүн ташууда жаңы келишимдер бар. Бул тууралуу Марат Черикчиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эл аралык аренада почтанын рейтинги жакшырса Дүйнөлүк почта уюму билим берүү, техникалык жактан көмөк көрсөтөт.
"Кыргызстан Дүйнөлүк почта союзуна кошулганына 30 жыл толду. Учурда электрондук коммерция тармагы болуп көрбөгөндөй өнүгүп, жүк ташуулардын саны да өстү. Бул сектордо Кытай дүйнөдө лидер. Андыктан алардын тажрыйбасын алып, кызматташуу жаатында да бир катар жылыштар болууда. Бүгүнкү күндө "Кыргыз почтасы" дүйнөлүк рейтингде 196 өлкөнүн ичинен 63-орунда турат. 2026-жылга чейин биз дүйнөлүк почта рейтингинде алдыңкы 30 мамлекеттин катарына кирүү аракетин көрөбүз. Орто Азияда Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстанга салыштырмалуу алдыда турабыз. Мисалы, эл аралык аренада почтанын рейтинги жакшырса Дүйнөлүк почта уюму ошол республикага билим берүү, техникалык жактан көмөк көрсөтүп, түрдүү жардам берет", — деди Черикчиев.
Ошондой эле адис ЕАЭБ алкагында бирдиктүү почта регламенти кабыл алынып жеткирүүлөр убагында жүргүзүлөрүн кошумчалады.