Сочи шаарында айыл чарба көргөзмөсү өтөт. Министрлик катышуучуларды чакырды

Көргөзмө Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин алкагында пландаштырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. 2023-жылдын 7-9-июнунда Сочи шаарында (РФ) "Евразия – биздин үй" аттуу жылдык көргөзмө өтөт. Ага катышууну каалаган тараптар Айыл чарба министрлиги менен эмитен байланышса болот. Мындай маалыматты аталган ведомстводон таратышты.
Көргөзмө Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин алкагында пландаштырылганы, анда "Азык-түлүк коопсуздугу" экспозициясы каралганы маалымдалды.
"Экспозициянын негизги багыттары: ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүндө генетика, селекция жана үрөнчүлүк, мал чарбачылыгы, балык чарбасы жана аквакультура боюнча кызматташтыкты, биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу. Андан сырткары, айыл чарба продукцияларын, пестициддерди жана агрохимикаттарды өндүрүү, айыл чарба техникасы, жаныбарлар үчүн дары-дармек өндүрүү чөйрөлөрүндөгү алакаларды түзүү жана өнүктүрүү каралган", — деп айтылган маалыматта.
Көргөзмөгө катышууга кызыкдар тараптардын 2023-жылдын 5-февралына чейин +996 (312) 623699, 0553230425 (Ислам кызы Үпөл) телефондоруна чалып байланышса болорун айтышты.
Радио
Байдалиев: ЕАЭБде үрөн даярдоо боюнча бирдиктүү жобо бар