Эзели келин жактырбаган кайнене менен тил табышса болобу? Адистин жообу

Мындай учурда бала энеси менен теңата сүйлөшүп, өзүнүн чоң киши болгонун акырындык менен түшүндүрүүсү зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Уул-кызынын тандоосун жерип, келин менен күйөө балага эзели ыраазы болбогон кайнене өзгөлөргө эмес, өзүнө ишенбейт. Бул тууралуу психотерапевт Сергей Мартынов РИА Новости агенттигине берген маегинде айтып, мындай учурда анын балдары кандай мамиле кылышы керектигин түшүндүрдү.
"Эчак бойго жеткен балдардын тандоосуна, жеке жашоосуна кийлигишип "кеп-кеңешин" жаадырган энелерди биз балдарынын бактысын ойлоп жатат деп түшүнөбүз. Бирок бул жерде кеп энелик сүйүү эмес, коркунуч, өзүмчүлдүк тууралуу болуп жатат. Башка адам менен кол кармашса эле баламдын жашоосунда экинчи планга өтүп калам, мени мурдагыдай сыйлабайт, сөзүмдү укпайт деп коркот", — деди психотерапевт.
Мындай көйгөйдү чечиш үчүн адис бала энеси менен теңата сүйлөшүп, өзүнүн чоң киши болгонун, ошол эле учурда ага баласы бойдон каларын, экөөнүн ортосундагы мамилени эч ким суута албасын акырындык менен түшүндүрүүсү керектигин айтат.
Жакынын жоготуудан коркуп, санаага баткан адам ал адаттан кантип арылса болот?