Пресс-борбор

Майдан тарта Кыргызстандан алтын концентратын чыгарууга тыюу салынабы? Расмий жооп

Президенттин жарлыгына ылайык, май айынан баштап өлкө аймагында казылган курамында алтын бар кенди жана концентратты чыгарууга салынган тыюу иштей башташы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Эгер кайра иштетүүчү комбинат курулбай турган болсо, өлкө аймагында казылган, курамында алтын бар кенди жана концентратты чыгарууга салынган тыюу жарым жылга жылат. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Туманов билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Тоо кен тармагы кризистеби? Министрлик көйгөйлөр тууралуу" деп аталган брифингге катышкан. Тумановго президенттин аталган жарлыгы тууралуу суроо узатылды. Кенди кайра иштетүү милдети Кара-Балта тоо-кен комбинатына жүктөлгөн. Бирок аталган ишкананы банкрот деп таануу боюнча процедура башталган болчу, ал эми жаңы комбинатты май айына чейин куруп бүтүү дээрлик мүмкүн эмес.
Туманов президенттин жарлыгын аткаруу үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, маселе эки жуманын ичинде караларын белгиледи.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Туманов
"Кенге кайрылсак. Жарлыкты кылдат карап чыгуу зарыл, дүрбөлөңгө түшпөө керек. Эгер майга чейин комбинатты курууга жетишпесек, тыюунун мөөнөтү алты айга жылдырылат. Эч кандай чектөө болбойт", — деди ал.
Туманов комбинатты курууга кызыкдар тараптар бар экенин белгиледи.
Статкомдун маалыматы боюнча, былтыркы жылдын 11 айында өлкөдөн 116,5 миллион долларлык 94,4 миң тонна кен жана концентрат чыгарылган.
Бийлик ар бир аймакта "Жер-Үй" сыяктуу комбинаттарды иштетүүгө кызыкдар