Дагы бир россиялык футболчу Кыргызстандын жарандыгын алды

Бул жакынкы убакта Кыргызстандын жарандыгын алган экинчи россиялык футболчу. Буга чейин Туланын "Арсеналынын" дарбазачысы Антон Коченков жарандык алган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Москванын "Динамо" клубунун бүтүрүүчүсү Андрей Хрипков Кыргызстандын жарандыгын алып, Эл аралык футбол федерациясынан (ФИФА) "Ак шумкар" клубунда ойноого уруксат бере турган расмий документти күтүп жатат. Бул тууралуу Match TV телеканалына өздүк булагы билдирди.
Кыргызстанда төрөлгөн коргоочу Хрипков өлкөнүн жаштар командаларында ойногон, бирок карьерасында россиялык клубдар басымдуулук кылат. 32 жаштагы футболчу январь айында "Машук КМВдан" Бишкектин "Дордоюна" өткөн.
"Хрипков керектүү документтерди чогултуп, Кыргызстандын жарандыгын алды. Ал Кыргызстандын улуттук курама командасында ойноого даяр. Эми ФИФАнын ырастоосу күтүлүүдө, документ февралдын ортосуна чейин даяр болушу керек", — деп билдирген булак.
Буга чейин "Ак шумкардын" башкы машыктыруучусу Александр Крестинин журналисттерге берген маегинде Туланын "Арсеналынын" дарбазачысы Антон Коченков Кыргызстандын жарандыгын алгандыгын, эми ал Кыргызстандын улуттук курамасында ойной турганын маалымдаган.
Кыргызстан менен Италиянын футбол ассоциациялары кызматташууну көздөөдө