Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ Чалгын кызматы: Батыш Украинага берчү куралдын көлөмүн көбөйтүүдө

Владимир Путин Украинага берилген ар бир курал Россия үчүн мыйзамдуу бута болорун айтып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Батыш Киев режимине делген чабуул койчу куралдарынын көлөмүн жана номенклатурасын кеңейтүүдө. Бул АКШ жана анын союздаштарынын Россия менен акыркы украиналыкка чейин күрөшүү ниетине байланыштуу. Бул тууралуу РИА Новостиге Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин айтты.
"Биз, албетте, Киевдин режимине берилген аскердик техниканын, анын ичинде сокку уруучу куралдардын көлөмүнүн да, номенклатурасынын да кеңейгенин белгилеп жатабыз. Бул АКШ жана анын шериктештери Россия менен акыркы украиналыкка чейин согушууга ниеттенип жаткандыгынан кабар берет", — деди Нарышкин.
Өткөн аптада Германия өкмөтү узак талкуудан кийин Украинага Leopard 2 танкаларын өткөрүп берүүгө макул болду. Эки батальон түзүү пландаштырылууда, биринчи этапта бундесвердин резервинен 14 унаадан турган рота жөнөтүлөт. Германиянын коргоо министри Борис Писториустун айтымында, танкалар Украинага марттын аягында келиши мүмкүн.
Ошол эле учурда АКШнын президенти Жо Байден Киевге отуз чакты Abrams берүүнү убада кылды. Ак үй кийинчерээк бул бир нече айга, балким, жылдын аягына чейин созулушу мүмкүн экенин тактады.
Россия Батыш тараптын Украинаны куралдандыруусу орус-украин сүйлөшүүлөрүнө өбөлгө боло албашын жана мындан негативдүү жыйынтык чыгышы мүмкүн экендигин, Украинага берилген ар бир курал Россия үчүн мыйзамдуу бута болорун айтып келет.
ЖМК: Израиль дрондордун чабуулунан кийин Ирандын кайтарчу жообуна даярданууда