Кыргызстанга "Печора" зениттик-ракеталык комплекси алып келинди. Сүрөт

Буга чейин коргоо министри аталган жаңы комплекс Баткен облусуна жеткирилерин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Кыргызстанга модернизацияланган "Печора-2 БМ" мобилдик зениттик-ракеталык комплекси алып келинди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 6

Кыргызстанга модернизацияланган "Печора-2 БМ" мобилдик зениттик-ракеталык комплекси алып келинди

2 / 6

Беларустан сатып алынган техника Кыргызстандын Коргоо министрлигинин абадан коргонуу күчтөрүнө берилет

3 / 6

Бюджеттик каражатка биринчи жолу мобилдик зениттик-ракеталык комплекс сатып алынды

4 / 6

Аны каалаган убакта жана каалаган жерге жайгаштырууга болот

5 / 6

Президент Садыр Жапаровдун айтымында, 2022-жылы "Белтехэкспорт" ЖЧКсы менен "С-125" зениттик-ракеталык комплексин "Печора-2 БМ" зениттик-ракеталык комплексинин деңгээлине жеткирип модернизациалоо боюнча келишим түзүлгөн

6 / 6

Азыркы күндө келишим боюнча аталган комплекстин биринчи партиясы келди.

Ага ылайык, Беларустан сатып алынган техника Кыргызстандын Коргоо министрлигинин абадан коргонуу күчтөрүнө берилет.
"Бюджеттик каражатка биринчи жолу мобилдик зениттик-ракеталык комплекс сатып алынды. Аны каалаган убакта жана каалаган жерге жайгаштырууга болот", — деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, чет элдик коргонуу ишканаларында МИ-8 тик учактары капиталдык оңдоодон өтүп, жүк ташуучу, санитардык автоунаалар, кичи автобустар сатып алынгандыгы кошумчаланды.
Президент Садыр Жапаровдун айтымында, 2022-жылы "Белтехэкспорт" ЖЧКсы менен "С-125" зениттик-ракеталык комплексин "Печора-2 БМ" зениттик-ракеталык комплексинин деңгээлине жеткирип модернизациалоо боюнча келишим түзүлгөн. Азыркы күндө келишим боюнча аталган комплекстин биринчи партиясы келди.
Кыргызстан Беларустан "Печора-2БМ" зениттик-ракеталык комплексин сатып алды