Бишкекте хирург Матеевди эскеришет

Фильмде хирургдун өмүр баяны, эмгек жолу жана көптөгөн өлкөлөрдө колдонулуп жүргөн хирургиялык ыкмасы чагылдырылат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында "Профессор Муса Матеев" аталышындагы документалдуу фильм көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандагы пластикалык хирургдардын бирикмесинен маалымдады.
Даректүү тасма 3-февралда саат 16:00дө көрсөтүлөт. Ага Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилери, КММАнын ректору жана кызматкерлери, КРСУнун жетекчилиги, Кинематографисттер союзунун өкүлдөрү, Төлөмүш Океев атындагы "Кыргыз фильм" улуттук киностудиясынын директору, Азиянын чыгармачыл айымдары фондунун кызматкерлери, Улуттук госпиталдын жана Муса Матеев атындагы клиниканын жетекчилери катышат.
"Муса Матеев талыкпаган эмгеги менен Кыргызстанга гана эмес, дүйнөгө белгилүү хирург. Тасмада анын "flap in flap" деп аталган (адамдын денесиндеги булчуңдун, теринин же эттин бөлүнүп, бир учу менен гана кармалып турган абалын калыбына келтирүү, камдаштыруу — ред.) хирургиялык ыкмасы тууралуу кенен айтылат. Бул заманбап пластикалык хирургия жана реконструкцияда кенен колдонулууда. Дал ушул иши менен Матеев 15 миң бейтапка, чоң адамдарга жана балдарга, негизинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берген. Бул жөнөкөй метод менен миңдеген адамдардын денесиндеги олуттуу кемчиликтерди жоё алган. Анын ыкмасы бир топ арзан жана бейтап тез калыбына келгендиги менен айырмаланат. Мындан улам чет өлкөлөрдө да "Матеевдин ыкмасы" колдонулуп келет", — деп айтылат маалыматта.
Муса Матеев АКШ, Европа, Чыгыш Азия өлкөлөрүнө, Россияга өзүнүн тармагындагы лектор катары чакыртылып турган.
Иш-чарага чакыруу баракчалары менен гана кирүүгө мүмкүн.
Радио
Айзада Амангелди: Муса Матеев тууралуу тасма Россияда көрсөтүлдү