Бийлик ар бир аймакта "Жер-Үй" сыяктуу комбинаттарды иштетүүгө кызыкдар

Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, "Жер-Үй" комбинаты эки жыл ичинде жети тоннадан ашуун алтын өндүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Өлкө жетекчилиги Кыргызстандын ар бир аймагында жок дегенде "Жер-Үй" сыяктуу 3-4 өнөр жай комбинатынын болушун камсыздоо үчүн иш жүргүзүүдө. Бул тууралуу Талас алтын кен комбинатына барган министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
1 / 2

Өлкө жетекчилиги Кыргызстандын ар бир аймагында жок дегенде "Жер-Үй" сыяктуу 3-4 өнөр жай комбинатынын болушун камсыздоо үчүн иш жүргүзүүдө

2 / 2

Бул тууралуу Талас алтын кен комбинатына барган министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди

Ал ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, алтын бөлүп чыгаруучу фабриканы жана калдык сактоочу жайды көрүп чыкты. Ошондой эле вахталык шаарчадагы кызматкерлердин жашоо шарты менен таанышты.
"Облустук фондго 407 миллион сом которулган. Бүгүнкү күндө айыл өкмөттүн эсебине 1,3 миллиард сомго жакын акча каражаты топтолду. 20 жылдан бери бул комбинаттын иштешине каршы чыккандар азыр уялууда. Заманбап технологиялар жана тыкыр жүргүзүлгөн көзөмөл экологияга кымындай да зыян келтирүүгө жол бербейт. Бүгүнкү күндө өлкө жетекчилиги Кыргызстандын ар бир аймагында жок дегенде ушундай 3-4 өнөр жай комбинатынын болушун камсыздоо үстүндө иштеп жатат. Бул милдетти ишке ашыруу - өлкөбүздүн келечекте гүлдөп-өнүгүшүнүн негизги шарты", — деди Байсалов.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын март айында комбинатты ишке киргизүү аземине президент Садыр Жапаров катышкан. Эки жыл ичинде ишкана жети тоннадан ашуун алтын өндүргөн.
Совет убагында чалгынданган кендердин запасы 10-15 жылда түгөнүшү мүмкүн. Маек