БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. "Аманат инвест" компаниясы – Баткенде салынып жаткан үйлөрдү жөн гана көзөмөлгө алып, бир тыйын пайда кошпой, кагаз иштерин бүтүрүп жаткан компания. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде айтты.
Эске салсак, Sputnik Кыргызстан "Кан төгүлгөн Баткендеги көмүскө кызыкчылыктар. Артында Туманбаев турабы?" деп аталган иликтөө жарыялаган.
Анда эмне себептен үйлөр белгиленген мөөнөттө курулуп бүтпөгөнү тууралуу маселе көтөрүлүп, көп сөздүн башы болгон "Аманат курулуш инвест" фирмасы тууралуу айтылган. Материалда 20 жаштагы студенттин башкаруусундагы миллиард сомдон ашык тендерди уткан компаниянын артында ким турат деген суроо кабыргасынан коюлган.
"Алардын болгон күнөөсү ушул, негиздөөчүлөрүнүн арасында 20 жаштагы бала бар экен. Бизге, мага десе негиздөөчүлөрү 18 жаштагы балдар болсун. Мамлекеттин акчасын үнөмдөп берсе болду. Ошондуктан бизге ЖМКларда массалык түрдө чабуул болуп жатканда "мамлекеттин миллиарддаган акчасын жедирбей, дагы кимдин оозунан жулуп алышты экен" деп экинчи жагын да ойлогонду унутпагыла", — деген Садыр Жапаров маекте.