Жакынын жоготуудан коркуп, санаага баткан адам ал адаттан кантип арылса болот?

Психотерапевт адамга өзүн жооткотуу жолдорун үйрөнүп, жакын кишинин ушул тапта бар экенинен ырахат алып жашоого үндөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Айрым адамдар жакынын жоготуп алуудан коркуп, эч негизсиз эле дүрбөлөңгө түшүп, санааркай берет. Психотерапевт Сергей Мартынов РИА Новости агенттигине берген маегинде андай терс адаттан арылуунун жолун айтып берди.
"Кээ бирлер ата-энесин же балдарын жоготуп алуудан коркуп, чалганда телефонун албай калса эле коркуп, кооптонуп баштайт. Бул нерсе психологиялык жана моралдык жактан адамдын өзүнө дагы, жакынына дагы бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Жашоо кадимкидей татаалдайт, адамдын оюна ар кыл ой келет. Жакынынын аман-эсен экенин билгенге чейин бир топ санааркап, кыйналып кетет", — деди адис.
Психотерапевт адамга өзүн жооткотуу жолдорун үйрөнүп, жакын кишинин ушул тапта бар экенинен ырахат алып жашоого үндөйт.
"Коркуу жана тынчсыздануу — адамдын бактылуу болуусуна тоскоол болот. Киши жакынына жакшы сөз айткандын ордуна, ар дайым коруп, моралдык жактан кысып турат", — деди Мартынов.
Эч нерсе жардам бербесе, ал адиске кайрылып, кеп-кеңеш алууну сунуштады.
Азыркы жаштар эмне үчүн жанын кыйнап иштегиси келбейт? Адистин жообу