Радио

Мыкты деп табылган айыл өкмөттөрүнө 12 млн. сомдон бөлүү пландалууда

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин бөлүм башчысы Таалайгүл Мамасалиева сынактар улантыларын айтты.
Sputnik
Жыл сайын айыл өкмөттөрү ортосунда өтчү конкурста мыкты айыл өкмөтү номинациясын жеңип алган жергиликтүү бийликке буга чейин 6 миллион сомдон ыйгарылса, эми аны көбөйтүү каралууда. Бул тууралуу Таалайгүл Мамасалиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, стимул берүүчү гранттарды да үч миллиондон беш миллионго көтөрүү каралууда.
"Аймактарды өнүктүрүү максатында айыл өкмөттөр арасында жыл сайын конкурс уюштурулуп келет. Анда мыкты көрсөткүчкө жеткен жергиликтүү администрацияга алты миллион сом сый акча ыйгарылчу. Бул сумманы 2023-жылдан тарта 12 миллионго көтөрүүнү пландап жатабыз. Мындан сырткары, айыл өкмөттөрү эле эмес, шаарлар ортосунда, жергиликтүү кеңештер аралык да конкурстарды уюштуруу каралып жатат", — деди Мамасалиева.
Ал конкурстун жыйынтыгы ар жылдын соңунда чыгарын кошумчалады.