Пакистандык мечиттеги терактыдан көз жумгандардын саны 93кө жетти

Уланып жаткан издөө иштеринин жүрүшүндө 17 адамдын сөөгү жана бир жаракат алган адам урандылардын алдынан чыгарылды. Ушуну менен жарадарлардын саны 221ге жетти.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Пакистандын Пешавар шаарында жайгашкан мечиттеги терактыдан каза болгондордун саны 93кө жетип, 221 адам жарадар болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Мечит 30-январда, дүйшөмбү күнү саат 13:40та жардырылган. Күбөлөрдүн айтымында, ал жакта 100гө жакын адам болгон. Мечиттегилердин көбү полиция кызматкерлери экендиги айтылууда. Жардырууну жанкечти жасаган, натыйжада мечиттин чатыры жана имаратынын бир бөлүгү урап түшкөн.
Dawn телеканалы полициянын өкүлүнө таянып, издөө иштеринин натыйжасында урандылардын алдынан 17 адамдын сөөгүн жана бир жарадар адам чыгарылганын айтты.
Алгач жоопкерчиликти "Техрик-э-Талибан Пакистан"* террордук тобу өзүнө алганы кабарланган. Бирок кийинчерээк бул топ мечит жана коомдук жайларга кол салуу өздөрүнүн эрежесине туура келбестигин айтып чыгышкан.
*Россияда террордук ишмердүүлүгү үчүн тыюу салынган уюм
ЖМК: Пакистандагы мечитте жардыруу болуп, кеминде 17 адам каза тапты