ӨКМ: Бишкекте 7 жашар бала муздун астындагы сууга түшүп кетип каза болду

Окуя болгон жерге 11 куткаруучу барып, баланын сөөгүн суудан алып чыгышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкекте кичинекей бала муздун астындагы сууга түшүп кетип каза болду. ӨКМ окуя 30-январда болгонун билдирди.
Маалыматка ылайык, 7 жаштагы К.У. Бишкектин Каралаев көчөсүндөгү каналга түшүп кеткен. Ал жерге 11 куткаруучу чакыртылып, алар баланын сөөгүн суудан алып чыгып Тез жардам кызматына өткөрүп беришкени айтылды.
Таласта баллон менен муз тепкен 23 жаштагы кыз унааны сүзүп көз жумду