Улуттук банк: Кыргызстандын банктарында 600 миллион доллар бар, валюта жетиштүү

Улуттук банктын өкүлү учурда логистикалык каналдар жөнгө салынып калганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кыргызстандын банк системасында 600 миллион доллар бар, анын ичинен 40 пайызы накталай түрүндө сакталат. Бул туурасында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева брифингде билдирди.
Карабаева буга чейин белгилүү бир өлчөмдө тартыштык жаралганын эске салды. Бул негизги соода өнөктөштөргө карата коюлган санкциялардан улам Кыргызстанга накталай валютаны ташып келүү логистикасы бузулганына байланыштуу болгонун белгиледи.
"Коммерциялык банктар ташып келүүнүн жаңы каналын жөнгө салганга чейин белгилүү бир убакыт талап кылынды", — деди Карабаева.
Анын айтымында, Улуттук банк күн сайын банктардын жана акча алмаштыруучу бюролордун ишине мониторинг жүргүзүп турат. Учурда банктык системаларда накталай чет элдик валюта жетиштүү.
Улуттук банктын алтын запасынын баасы бир жылга 31,7 млрд. сомго өстү