Кыргызстан банктарындагы насыянын көлөмү 200 млрд. сомдон ашты

Өлкөдө акыркы жылдарда насыялардын көлөмү өсүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. 2022-жылдын аягына карата Кыргызстандын банктарындагы насыянын көлөмү 204 миллиард 31,3 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.
Анын дээрлик 156 миллиарды улуттук валютадагы кредиттер болсо, калганы чет элдик акча менен алынган. Бул — рекорддук көрсөткүч. Мурунку рекорд өткөн жылдын ноябрь айынын аягында катталып, анда 196,6 миллиард сомду түзгөн.
Акыркы жылдары насыялардын көлөмү өсүүдө. 2017-жылдын жайында 100 миллиард сомдон, 2020-жылдын мартында 150 миллиард сомдон ашкан. Өткөн жылы кредиттердин көлөмү 22,2 миллиард сомдон ашык өскөн.
Улуттук банктын алтын запасынын баасы бир жылга 31,7 млрд. сомго өстү