Кореялык инвесторлор Нарынга чакан ГЭС курууга ниеттенүүдө. Сүрөт

Февраль айынын аягында кореялык инженерлерден, адистерден турган топ келип курулуш жүрө турган аймакты терең изилдөөгө алары айтылды.
Sputnik
НАРЫН, 31-янв. — Sputnik. Нарын дубанына Сеул шаарынан келген компания өкүлдөрү Теңир-Тоодогу ГЭС курууга ыңгайлуу аймактарды көрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы облустук администрациянын маалымат кызматына таянып билдирди.
Кеп алардын аталган аймакка чакан ГЭС курушу туурасында болууда.
1 / 4

Нарын дубанына Сеул шаарынан келген компания өкүлдөрү Теңир-Тоодогу ГЭС курууга ыңгайлуу аймактарды көрүштү

2 / 4

Кеп алардын аталган аймакка чакан ГЭС курушу туурасында болууда

3 / 4

Кореялык меймандарды облус жетекчиси Эргешов жылуу кабыл алган

4 / 4

Эки тараптуу баарлашууда кореялыктар бул ирет макулдашууну, изилдөөлөрүн жүргүзгөнү жана ГЭС курула турган аймактарды болжолдуу тандаганы келишкенин айтышкан

"Буга чейин президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Түштүк Кореяга болгон иш сапарынын алкагында Нарынга чакан ГЭСтерди куруу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүп келген. Кореялыктар Теңир-Тоого 5 мегаваттык чакан ГЭС курууну убада кылышкан", — деп билдирген маалымат кызматы.
Кореялык меймандарды облус жетекчиси Эргешов жылуу кабыл алган.
Эки тараптуу баарлашууда кореялыктар бул ирет макулдашууну, изилдөөлөрүн жүргүзгөнү жана ГЭС курула турган аймактарды болжолдуу тандаганы келишкенин айтышкан. Февраль айынын аягында инженерлерден, адистерден турган топ келип курулуш жүрө турган аймакты терең изилдөөгө аларын жана май айы менен чакан ГЭСтин долбоору даяр болорун билдиришкен.
"Бул иштерге компания 150 миң доллар каражат бөлгөнүн, 5 мегаваттык чакан ГЭС кореялык башка инвесторлорго үлгү катары курулуп, анын артынан башка ГЭСтерди курууга жол ачылат", — деп билдирген маалымат кызматы.
Эргешов Нарын облусунда 2,5 миң мегаваттык суу электр станцияларын куруу потенциалы бар экенин, келечекте электр энергиясын көбүрөөк өндүрүп Кытайга экспорттоо мүмкүнчүлүгү кеңири экенин белгилеп, көрсөтмөлүү маалымат берген. Ошондой эле облустун элинин кореялыктардын ГЭС курары тууралуу маалыматы бар экенин, бул ишти күтүп жатканын айткан.
Куланак ГЭСин курууга белсенген компания тууралуу эмне белгилүү