Кайгуул милициядан качкан автоунаа кырсыктап, 3 адам каза болду. Видео

Автоунаанын ичинде беш адам болгон. 20 жана 18 жаштагы уландар учурда ооруканада жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында бүгүн таңда автоинспекторлордон качып кеткен айдоочу кырсыкка кабылып, үч адам ошол жерден мүрт кетти. Бул тууралуу Кайгуул милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 31-январда, эртең менен кайгуулчулар шаарды кыдырып жүрүп Тоголок Молдо көчөсүндө бир адамды күчтөп Subaru Legacy үлгүсүндөгү автоунаага салып кеткенин байкашкан. Бул көрүнүш шек жараткандыктан автокөлүктүн артынан жол милициясы сая түшкөн.
"Инспекторлор катуу үн чыгаргыч аркылуу машинаны токтотууга эскертүү берген, бирок айдоочу баш ийбей, ылдамдыгын күчөтүп айдап кеткен. Андан соң автокөлүктү текшерүү үчүн артынан бара жатканда бир нече ирет кайрылып, токтошун талап кылышкан. Subaru Legacy тескерисинче катуу ылдамдык менен из жашырган. Андан соң аталган машина Төмөнкү Ала-Арча аймагында жол кырсыкка кабылганы аныкталды. Катуу бараткан автоунаа даракты, андан кийин темир-бетондон жасалган тосмону сүзгөн. Кайгуул милициянын кызматкерлери биринчи жардамды көрсөтүп, Тез жардам чакырган", — деп айтылат маалыматта.
Маалыматка караганда, автоунаанын ичинде беш адам болгон. Үчөө кырсык болгон жерден мүрт кеткен. Ал эми 20 жана 18 жаштагы уландар ооруканага жеткирилген.
Учурда тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө жүрүп жатат. Кайгуул милиция айдоочуларды өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн жол эрежелерин так сактоого чакырды.
Таласта баллон менен муз тепкен 23 жаштагы кыз унааны сүзүп көз жумду