"Ала-Тоого" каз катар тизилген өрт өчүрүүчү автоунаалар. Асмандан тартылган видео

Сентябрь айында Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин жолугушуусунда Кытай Кыргызстанга өрт өчүрүүчү, куткаруучу-сактоочу техникаларды жана мобилдик госпиталды бекер берери айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтына өрт өчүрүүчү жана тез жардам автомашиналарын, автобустарды каз катар тизишти.
Бул жаңы техникаларды мамлекеттик органдарга салтанаттуу тапшыруу үчүн борбордук аянтка алып келишкен.
Сентябрь айында Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин жолугушуусунун жыйынтыгында Кытай Кыргызстанга өрт өчүрүүчү, куткаруучу-сактоочу техникаларды жана мобилдик госпиталды бекер берери айтылган.
Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан ири өрттү беш саат өчүрүштү