БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын бийлиги мүлккө салыкты көтөрүүнүн жолун караштырууда. Бул тууралуу биринчи вице-мэр Мирлан Байгончоков шаардык кеңештин депутаттарынын жыйынында билдирди.
Депутаттар социалдык тармактарда салыктын жогорулашы боюнча кептер айтылып жатканын жүйө келтирүү менен мэрия ачык жооп берип, айтылып жаткан кептерге чекит коюшу керектигин белгилешти.
"Мэрия тарабынан бул маселе иликтенип жатат. Эгерде зарылчылык болсо, кароого киргизебиз", — деп жооп берди вице-мэр.
Бүгүн шаардык кеңеш мүлк салыгы жөнүндө токтом кабыл алды. Вице-мэр салык көптөн бери эле салынып келгендигин, бирок күчүнө кирген жаңы Салык кодексине ылайык, 2023-жылдан баштап документти жергиликтүү бийлик кабыл алышы керек экенин түшүндүрдү. Депутаттар шаар тургундары мэриянын бул идеясы шаардык кеңештин демилгеси деп түшүнүп, эл өкүлдөрүнө нааразы болуп жатышканын айтышты.
Мүлк салыгы үй жана автоунааларга тиешелүү.