Административдик аймактык реформаны кыска убакытта жасай салуу мүмкүн эмес. Өнүккөн өлкөлөрдүн тарыхын карасак деле 40-50 жылдар кеткен. Кыргызстан да толук кандуу административдик реформага барышы үчүн ондогон жылдар талап кылынат. Мындай пикирин Рамис Алыкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, административдик аймактык реформанын негизги максаты элге мамлекеттик тейлөө кызматтарын алууда шарт түзүү болуп саналат.
"Административдик аймактык реформаны жүргүзүү маселеси өлкөдө көп жылдан бери эле айтылып келе жатат. Аскар Акаев, Курманбек Бакиев президент болуп турган учурларда да атайын концепциялар кабыл алынып, бирок азырынча эгемендүү өлкө үчүн эртелик кылат деген жүйө менен ал документтер ишке ашкан эмес. 2018-жылы Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда өкмөттүн атайын бүтүмү, президенттин буйругу да чыгарылган эле. Ал жерде үч этапка бөлүнүп, 2019-жылы стратегиялык документтерди анализ кылуу менен иш башталмак. Экинчи баскычында тиешелүү укуктук-ченемдик мыйзамдык актыларды иштеп чыгуу, 2022-2023-жылдары аны аймактарга жайылтуу каралган эле. Эми 2022-жылы президент Садыр Жапаровдун "Административдик аймактык түзүлүштү өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар" деген жарлыгы чыккан. Анда министрлер кабинетине үч айлык мөөнөттө административдик аймактык реформанын концепциясын бекитүү сунушталган. Учурда бул багытта негизги иш алып баруучу болуп Экономика жана коммерция министрлиги эсептелет. 2022-жылдын 28-декабрында административдик реформаларды пилоттук негизде Түп районунан баштоо пландалды. Ага ылайык, аталган райондогу 13 айыл өкмөтү биригип, бешөө түзүлөт. Жалпысынан пилоттук долбоор 2023-2024-жылдар аралыгы ишке ашат. Андан соң анализ жасалып башка аймактарга жайылтылат. Бул этапта айыл өкмөттөр деңгээлинде иштер жүрөт. Кийинчерээк шаарлар, райондор жана облустар тууралуу сөз болушу ыктымал", — деди Алыкулов.
Ал айыл өкмөттөрү атайын иштелип чыккан критерийлердин негизинде биригерин кошумчалады.