ЖМК: Пакистандагы мечитте жардыруу болуп, кеминде 17 адам каза тапты

Жабырлануучулардын басымдуу бөлүгү полиция кызматкерлери экендиги айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Пакистандын Пешавар шаарында жан кечти мечитти жардырып, анда кеминде 17 адам каза болуп, 90 жаран жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости Geo басылмасына шилтеме берип жазды.
"Оорукананын өкүлү жардыруудан 17 адам каза болгонун, 90дон ашуун жарадар бейтапканага жеткирилгенин билдирди. Дарыгерлердин айтымында, 10дон ашуун киши оор абалда", — деп жазылат маалыматта.
Теракт учурунда мечитте 120 адам болгону айтылган. Dawn басылмасынын маалыматы боюнча, жабыркагандардын көпчүлүгү полиция кызматкерлери экендиги кабарланды.
Ирандын аскердик объектилерине белгисиз учактар чабуул койду