Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Өзү жүрүүчү "Тюльпан" миномету украин аскерлеринин ок-дарысын жок кылды

Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Биринчи славян бригадасынын аскерлери Донецк багытындагы чептүү аймактагы украин аскерлеринин ок-дары комплектисин дүйнөдөгү эң кубаттуу, өзү жүрүүчү 2С4 "Тюльпан" миномету менен атып түшүрүштү. РИА Новости тиешелүү видео агенттиктин карамагында бар экендигин жазды.
Оператор каршылаш тараптын жайгашкан жеринин координаттарын аныктап, минометтун экипажына өткөрүп берген. Оор, 240 миллиметрлик снаряд шыптарды тешип өтүп, украин аскерлеринин ок-дарысын асманга сапырган.
"Тюльпан" — дүйнөдөгү 240 миллиметрлик калибрдеги жалгыз миномет. Кадимки снаряддын атуу алыстыгы он чакырымга чейин болсо, активдүү-реактивдүү снаряды 20 чакырымга жетет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Иран Исфахандагы чабуулга Украинанын тиешеси бар деп шектенүүдө