Кыргызстанда эң төмөн пенсия 3 170 сом болду. Министрликтин маалыматы

Өткөн жылдын 11 айынын ичинде Соцфондго бөлүнгөн каржынын көлөмү 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 42,3 пайызга же 8 729 миллион сомго көбөйгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кыргызстанда пенсиянын базалык бөлүгү пенсионерлердин бардык категориялары үчүн 1 780 сомдон 3 170 сомго көбөйтүлдү. Бул өткөн жылдын сентябрында кабыл алынган "2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө" токтомунун негизинде жогорулатылды. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады.
Министрлик ошондой эле 2022-жылдын 11 айы үчүн Социалдык фондго пенсиялык камсыздоого республикалык бюджеттен 29 352,3 миллион сом бөлүнгөндүгүн кабарлады.
Бул сумманын ичинен:
18,867,5 миллион сом — пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоого;
2 009,8 миллион сом — электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөрдү каржылоого;
4 204 миллион сом — аскер кызматчыларынын пенсиялык камсыздоосун каржылоого;
3 989,8 миллион сом — калктын айрым категорияларын жеңилдетилген пенсия менен камсыздоого жана (көп балалуу энелерге жана бала кезинен майыптардын энелерине, бийик тоолуу шарттарда иштегендиги үчүн, алыскы жана барууга кыйын аймактарда жашагандарга) пенсияларга кошумча төлөмдү каржылоого;
281,2 миллион сом — Баткен облусунун өзгөчө статусу бар чек арага жакын аймактарында туруктуу жашаган пенсионерлердин пенсиясына компенсациялык төлөм үчүн бөлүнгөн.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Социалдык фондго трансферттердин көлөмү 42,3 пайызга же 8 729 миллион сомго көбөйгөн. Мындай көрсөткүч негизинен демографиялык өзгөрүүлөргө (пенсия алуучулардын санынын көбөйүшү) жана Баткен облусунун пенсияларына компенсациялык төлөмдөр берилип башталгандыгына байланыштуу экендиги айтылды.
Соцфонддун реформасынан кийин эң төмөнкү пенсия 3 170 сом болот