БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Шейшембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2...+7 градус, Талас аймагында +1...+6, Ысык-Көл өрөөнүндө 0...+5 градуска чейин жылыса, Нарында -1...-6 градус суук болору болжолдонду.
Күндүн табы борбор калаада жана Ош шаарында +5...+7 градуска чейин көтөрүлөт.