Бир күндө канча кофе ичүү керек? Адистин кеңеши

Адистин айтымында, адам өзүнүн зат алмашуусу кандай экендигин жана кофе ичкенден кийинки абалын байкап көрүшү керек.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Эртеден кечке ичкенде канчанчы кружка кофе сизге ашыкча болорун так айтуу кыйын, бул сиздин генетикаңыздан жана зат алмашуу функцияңыздын иштешине байланыштуу. Ошентсе да көпчүлүк адамдарга кофени күнүнө үч кружкадан ашык ичүүгө болбойт. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине россиялык дарыгер Александр Резник айтып берген.
Чоң кишилер үчүн бир күндө 400 миллиграммдан ашпаш керек, бул көлөм ден соолук үчүн коркунучсуз. Орто эсепте бул — эки-үч кружка кофе. Албетте, бул анын сапатына жана түрүнө да байланыштуу. Резник 100 миллилитрлик сапаттуу эспрессо кофеде 210 миллиграмм кофеин бар экендигин, бирок ошол эле көлөмдөгү эритүүчү бул азыкта ал жети эсеге аз экендигин белгилеген.
"Ошол эле учурда чыпкаланган кофени тандоо туура, чыпкадан өтпөгөнүндө кофестол жана кахвеол болгондуктан алар жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыктырышы мүмкүн. Ал эми фильтрленгенин күнүмдүк ченемден ашырбай ичүү — организм үчүн пайдалуу", — деген дарыгер.
Адис бул азык адамдын чарчоосун кетирип, күч бергендей сезилгени менен төртүнчү кружка ашказанга киргенде организмге зыян алып келүү мүмкүндүгүн кошумчалады. Кофени ичкенде адамда күч пайда болот, бул процесс уламдан-улам кайталанганда, тескерисинче, алсырап, чарчайт.
"Зат алмашуусу жакшы эместер кофени күнүнө 50 миллиграммдан ашпаган эле көлөмдө ичкени туура. Антпесе уйкусу качып, башы ооруп, кыжырданып кыйналат. Ал эми зат алмашуусу жакшы болгондорго 500-600 миллиграммга чейин сунушталат", — деген Резник.
Дарыгер бул үчүн адам өзүнүн организминдеги зат алмашуусун билип, кофенин түрлөрүн ичип, андан кийин өзүн кандай сезгенин байкап көрүүсү керектигин же генетикалык тесттен өтүү зарылдын кошумчалаган.
Кофени кайсы учурда ичүүгө болбойт? Адистин кеңеши