Кар көп жаайбы? Ысык-Көлдө кийинки аптанын аба ырайы

Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда келе жаткан аптада кандай аба ырайы болорун Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-31-январда жана 1-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
2-февралда күндүз жана 3-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн.
4-февралда айрым жерлерде, 5-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаайт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлүүдө.
Алдыдагы аптада Ош облусунда кандай аба ырайы күтүлүп жатат?