Баткенде 5-февралга чейинки аба ырайы

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келерки жумада Баткен облусундагы аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, 30-январда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
31-январда тоолуу райондордо кар жаап, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
1-февраль жаан-чачынсыз болот. 2-5-февралда жер-жерлерде кар жаайт деп божомолдонууда.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүйдө январдын этеги жана февралдын башы аба ырайы кандай болот?