БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Окумуштуулар жетиштүү уктабаган өспүрүмдө склерозго чалдыгуу коркунучу бар экенин аныктаганын BMJ басылмасы жазды.
Склероздо нервдерге доо кетип, көздүн көрүүсү начарлайт жана өнөкөт оорулар пайда болот. Ошондой эле адам чарчаңкы тартып, иш бүтүрө албайт. Адистер бул илдет менен жабыркаган 16 жаштан 70 жашка чейинки адамдарга байкоо жүргүзүп, алардын көрсөткүчтөрүн дени сак кишилер менен салыштырышкан. Иликтөө 13 жылга созулган.
Окумуштуулар жаштардын (15-19 жаштагы) кантип уктаарына, саатына бөтөнчө көңүл бурушкан. Алардын арасында склерозго чалдыккан 2075, ал эми дени сак 3164 өспүрүм болгон. Окумуштуулар уйкунун узактыгын кыска (суткасына 7 сааттан кем), кадимки (7-9 саат) жана узак (10 саат же андан көп) деп бөлгөн. Натыйжада кыска убакыттагы уйку склероздун пайда болуу коркунучун 40 пайызга жогорулата турганы аныкталган.
Окумуштуулар уйкунун жетишсиздиги неврологиялык бузулууларга алып келиши мүмкүн экенин эскертти.