Алдыдагы аптада Ош облусунда кандай аба ырайы күтүлүп жатат?

Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келерки жумада Ош облусундагы аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, 29-январда күн ачык болот. 30-31-январда күндүз тоолуу райондорго кар түшөт.
Ошондой эле 1-февралда тоолуу райондордо, 2-февралда айрым жерлерде, 3-4-февралда көпчүлүк аймактарга кар жаашы күтүлөт.
Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүйдө январдын этеги жана февралдын башы аба ырайы кандай болот?