БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. 2022-жылдын аягына карата Кыргызстандагы депозиттердин көлөмү дээрлик 339 миллиард сомго жетти. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитеттин маалыматында жазылган.
Жогоруда айтылган сумманын ичинде депозиттер гана эмес эсепте сакталган каражаттар бар. Тагыраагы, юридикалык жактардын, жеке жактардын жана резидент эместердин каражаты.
Депозиттик база жөнүндө маалымат:
2021-жылдын декабрь айынын соңунда — 242 миллиард 947 миллион сом;
2022-жылдын ноябрь айынын аягында — 327 миллиард 2 миллион;
2022-жылдын декабрь айынын аягында — 338 миллиард 957,7 миллион сом.
Тактап айтканда, бир ай ичинде өлкөдөгү депозиттик база дээрлик 12 миллиард сомго көбөйгөн, ал эми бир жыл ичинде 96 миллиард сомго өскөн.
Эске салсак, 2021-жылы депозиттик базанын көлөмү туруктуу көбөйгөн (62 миллиард сомго), ал эми өткөн жылы үч ай катары менен 30 миллиарддан ашык сомго азайып кеткен. Бирок кийин кайра көбөйүп, июнь айынан тартып жаңы рекорддук көрсөткүчтөргө жетти. Депозиттик каражаттар тездик менен өсүп жатканын 2022-жылдын июнь айында анын көлөмү 200 миллиард сомду түзүп, октябрда 300 миллиарддан ашканынан байкоого болот.