Ат үстүндө комуз чертип, обон созгон кыргыздар. Архивдик сүрөттөр

Кыргыздын той-топурлары эзелтеден оюн-зоок, ыр-күү, бийсиз өтчү эмес. Той ээси меймандардын маанайын көтөрүү үчүн ырчы, комузчу, төкмө акын, манасчыларды чакырган. Sputnik агенттиги алардын архивдик сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Кыргыздардын күнүмдүк жашоосунда бешик ыры, акыйнек айтышуу, кошок ырлары кеңири айтылган. Эл ичинде көп кырдуу таланттар арбын болуп, ак таңдай акындары, чечендери, жамакчылары, дастанчылары, обон созгон ырчылары чоң мааракелерге чакырылбай калчу эмес. Өнөр сыйлаган эл аларды дайым баалап, барктап, урмат-сый менен мамиле кылган. Алар кийин кесипкөй чыгармачыл инсандарга айланып, эл аралап гастролдон колу бошочу эмес.
1 / 17

Жайлоодо тамак үстүндө жакындарына комуз черткен аксакал

2 / 17

Эл арасынан чыккан ырчы, комузчулардын олимпиадасы. ХХ кылымдын башы

3 / 17

Ооз комузчу Ажар Карачинова. 1939-жыл

4 / 17

Колуна кыл кыягын кармаган кыргыз. Сүрөт XIX кылымдын аягында тартылган

5 / 17

Солдон оңду көздөй отурган кыргыз адабият жана маданиятынын көрүнүктүү өкүлдөрү: Касымаалы Жантөшев, Аалы Токомбаев, манасчы Саякбай Каралаев, төрдөгү аксакалдар менен берки четте отурган Шүкүрбек Бейшеналиев жана Кубанычбек Маликов. Алар 1959-жылы Жалал-Абад облусуна "Манас" эпосун изилдегени жана гастролдоп барган

6 / 17

Комузун колуна алып эл аралаган Коргоол Досуев. Кетмен-Төбө, 1953-жыл

7 / 17

Советтик композиторлор Дмитрий Шостакович менен Вано Мурадели жаш комузчулар менен. 1960-жыл

8 / 17

Суусамыр жайлоосунда Опера жана балет театрынын артисттери чабандарга концерт берген учур. 1969-жылы

9 / 17

Ачык асман алдында курбуларына комуз черткен кыз. 1969-жыл

10 / 17

Ат үстүндө өз өнөрүн тартуулаган төкмө акын Тууганбай Абдиев

11 / 17

Токтогул Сатылгановдун небереси Молдожан Токтогулов күү чертүүдө. 1965-жыл

12 / 17

Кезинде айлап гастролдоп жүргөн маданият кызматкери. Сүрөттө Эстебес Турсуналиев

13 / 17

Тоодогу чабандарга концерт коюп барган Нарын облустук музыкалык драма театрынын артисттери. 1971-жыл, декабрь

14 / 17

Эл аралаган таланттар: куудул Келдибек Ниязов, төкмө акын Замирбек Үсөнбаев, кыл кыякчы Толтой Мураталиев, төкмө акын Ашыраалы Айталиев, Токтогул Сатылгановдун баласы Бабажан Токтогулов, комузчу Мыктыбек Үмөталиев жана манасчы Уркаш Мамбеталиев. Ысык-Көл облусу, 1980-жылдар

15 / 17

Төрт түлүк мал баккан чабандарга концерт койгон маданият өкүлдөрү, аларга көз салган карапайым эл. 1982-жыл

16 / 17

Ысык-Көлдүн бир совхозунан чыккан чыгармачыл топ. 1981-жыл

17 / 17

Көк чөп үстүндө "Манас" айткан залкар манасчы Уркаш Мамбеталиев

Тема боюнча:
Бишкектин түштүгүндөгү көк бөрү: жанын сабап ойногон улакчылардын сүрөтү
Кылтак коюп, куш таптап, мергенчилик кылган кыргыздар. Архивдик сүрөттөр
Памир, Ванда жашаган кыргыздар. Журтташтарыбыздын архивдик сүрөттөрү