Кыргызстан менен Өзбекстан Чаткал суусуна мини ГЭС курмакчы

Мындан тышкары, Кыргызстанда электр эсептегичтерин чыгара турган завод курулары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстан Чаткал суусуна мини ГЭС кура турганын Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде экономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдрахманов билдирди.
Анын айтымында, тараптар долбоорду ишке ашырууну макулдашышкан.
"Энергетика системасынын майнаптуулугун жогорулатуу милдети коюлган. Бул жагынан алып караганда, долбоор артыкчылыктуу болуп саналат. Эки өлкө тең буга кызыкдар. Президент Садыр Жапаровдун былтыр Өзбекстанга жасаган сапарында жетишилген макулдашуулар ишке аша баштаганын көрүп жатабыз", — деди Абдрахманов.
Мындан тышкары, Кыргызстанда электр эсептегичтерин чыгара турган завод курулары айтылды.
Эскерте кетсек, 13-январда кытай компаниясы Орто-Токой суу сактагычына чакан ГЭС кура турганы белгилүү болгон.
Пресс-борбор
Министрлик: Өзбекстан менен тышкы сооданын көлөмү 2,7 эсеге өстү