Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон сапары аяктады

Өзбекстандын президенти Бишкекке кечээ, 26-январда, мамлекеттик иш сапары менен келген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстандагы мамлекеттик иш сапары аяктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын билдиришип, Кыргызстан менен Өзбекстан кыргыз-өзбек көп кырдуу кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого бекем ниетин ырастаганын белгилешти.
Мирзиёев Бишкекке 26-январда келип, эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусу өткөн.
Бүгүн, 27-январда, жолугушуу уланып, анын алкагында 24 документке кол коюлгандыгы белгилүү болду.
Андан соң мамлекет башчылары жубайлары менен биргеликте "Ала-Арча" жаратылыш паркына барышкан.
Кызматташтыкты чыңдоо ниетибизди ырастадык. Садыр Жапаров билдирүү жасады