БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Британиялык Destination2 туристтик компаниянын талдоочулары дүйнө жүзү боюнча аба каттамдарына билетти эң арзан баада кайсы айларда сатып алууга болорун айтышты. Бул тууралуу Mirror басылмасы жазды.
Адистердин айтымында, февраль айы Мальдив аралдарына, Маврикийге жана Барбадоско саякаттоо үчүн эң ыңгайлуу учур. Адатта бул мезгилде ушул багыттарга авиабилеттер эң төмөн баада болот. 2023-жылы эс алуу үчүн эң популярдуу өлкөлөрдүн катарына Түркия, Греция, Исландия, Хорватия, Мальта жана Кипр кирген. Бул жактарга март айында учуу арзаныраак.
Басылма жогоруда аталган өлкөлөр интернеттеги издөөлөрдүн санына жараша тандалып, ал эми тарифтер ушул айда жеткиликтүү болгон эң арзан авиабилеттер боюнча аныкталганын билдирген.